ТИМ Украинадагы кыргызстандыктарды кырдаал турукташканча ал өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштады

  • 4 часа мурун

Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кыргызстандыктарды ал жактан чыгып кетүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган министрликтин сайтына жарыяланды.

«20-ноябрда Киев облусунун аймагы боюнча учкучсуз учуучу учактарды колдонуу менен массалык сокку жасалган. Министрлик кыргызстандыктарды кырдаал толук турукташканга чейин Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү сунуштайт», — деп жазылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинин ыкчам байланыш телефону аркылуу Украинада жүргөн кыргыз жарандары зарыл болгон учурларда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат: +38 068 139 67 92, +38 044 237 03 48.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты