ТИМ: Тотуяев элчиликтеги кызматкерлердин укуктарын одоно бузган

  • 2 месяца мурун

Уланбек Тотуяевдин Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан эмне себептен бошотулгандыгы тууралуу тышкы иштер министрлиги (ТИМ) комментарий берди.

Тышкы иштер министрлиги Уланбек Тотуяевдин айткандарына жооп берип, Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин эмгек жамааты тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине элчи Уланбек Тотуяевге чара көрүү боюнча сунуш менен кайрылганын, ушундан улам текшерүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген.

“Ал жетекчилиги алдындагы кызматкерлердин укуктарын одоно бузуп, ыйгарым укуктарынан тыш көрсөтмөлөрдү берип, этикага туура келбеген мамиле жасап, күнүмдүк көйгөйлөрүн чечпей, жашоого ылайыксыз шарттарды түзүп берип, жатакана тибиндеги тар батирлерде жашоого мажбурлап келген. Ошол эле учурда, ал өзү үй-бүлөсү менен коопсуздук чаралары күчөтүлгөн, бардык шарттары түзүлгөн, кароолчулар тарабынан кайтарылган өзүнчө резиденцияда, “падышалык” шарттарда жашап келген” деп жооп берген ТИМ.

«Азаттыкка” Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы элчиси Уланбек Тотуяев кызматтан эмне себептен бошотулгандыгын түшүнбөй калгандыгын, бул чечим бир тараптуу гана кабыл алынганын айткан.

“Мен кесиптештеримден сурап билгеним боюнча, биздин тышкы иштер министр Кулубаев Жээнбек Молдоканович жана анын орун басары Атаханов Абазбек Койлубаевич тарабынан биздин президентке кат жазылыптыр. Президентке “өзүнүн милдетин туура эмес аткарат” деген сыяктуу кат киргизип, кол койдуруп чыгышыптыр” деген.

Ошондой эле, анын бул кызматтан түшүшүнө анын элчилик ишиндеги кемчиликтер эмес, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин ага карата жеке дооматы себеп болгондугун айткан.

Тотуяев Уланбек милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Пакистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Сүрөттө: Уланбек Тотуяев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты