ТИМ Таиландда кыргызстандык жарандын айыпталгандыгы боюнча билдирүү жасады    

  • 1 неделя мурун

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын жараны Таиландда зордуктоо фактысы боюнча айыпталып жаткандыгы тууралуу жалпыга маалымат каражаттарында чыккан маалымат боюнча буларды билдирди:

“Учурда Таиланддын компетенттүү органдары бул кылмыш иши боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги аталган Кыргыз Республикасынын жараны менен байланышта болуп, ага Таиланддагы ардактуу консул менен бирге зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө” деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: Таиланд. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты