ТИМ саясий департаментинин директору Азамат Алмакунов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты  

  • 2 месяца мурун

Тышкы иштер министрлигинин 4-саясий департаментинин директору Алмакунов Азамат дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

“Шум ажал жогорку квалификациялуу адис, мыкты дипломат, интеллигент, боорукер жана камкор кесиптешибизди арабыздан алып кетти. Анын бул дүйнө менен кош айтышуусу — Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы үчүн чоң жана аны менен тааныш болгондор үчүн орду толгус жоготуу. Ушундай оор күндө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын жамааты Азамат Жумабековичтин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Министрлик орду толгус жоготуунун аза-кайгысын тең бөлүшөт” деп айтылат маалыматта.

Алмакунов Азамат Жумабекович, 1979-жылы 3-февралда Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген. 1996-жылы Аламүдүн орто мектебин аяктап, ошол эле жылы КМУнун юриспруденция факультетине тапшырып, аны 2000-жылы бүтүргөн.

Азамат Алмакунов тышкы иштер министрлигинин системасындагы эмгек жолун 2001-жылы эл аралык коопсуздук, стратегиялык жана укуктук маселелер боюнча башкы башкармалыгынын стратегиялык проблемалар бөлүмүндө стажер болуп иштөөдөн баштаган.

ТИМ системасындагы 23 жылдык ишмердүүлүгүндө атташеден төртүнчү саясий департаменттин директорлугуна чейинки эмгек жолун басып өтүп, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин ушул тармакта кызмат өтөдү.

Өз ишмердүүлүгүндө Азамат Алмакунов Кыргыз Республикасынын президентинин, премьер-министринин жана тышкы иштер министринин деңгээлинде суу-энергетика тармагындагы кызматташтык чөйрөсүндөгү эки тараптуу жана аймактык платформаларда өлкөбүздүн позициясын ийгиликтүү коргоп, улуттук кызыкчылыктарын алдыга жылдырууга чоң салым кошкон.

Орто-Токой суу сактагычы боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өкмөттөр аралык келишимди иштеп чыгуу, ага кол коюу учуруна, ратификациялоо жана иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр процессине активдүү катышкан жана координациялаган, натыйжада Орто-Токой суу сактагычы 2018-жылдын июнь айында кыргыз тарапка өткөн.

1-класстагы кеңешчи дипломатиялык рангынын ээси, немис тилинде  эркин сүйлөгөн. Артында жубайы, үч баласы калды.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы тарабынан берилген

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты