ТИМ Орусиядагы мигранттардын балдарын мектепке киргизүүдөгү кыйынчылыктар боюнча маалымат берди

  • 8 часов мурун

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын Москва шаарында жана Москва облусунда жашап, иштеп жатышкан кыргыз мигранттарынын балдарды мектепке берүү кыйынчылыгы боюнча кайрылууларына жооп берди.

ТИМ кайрылуусунда жогорудагы маселе боюнча кыргызстандыктардын арыздарынын көбөйүшүнө байланыштуу Элчилик тарабынан Орусиянын Президентинин Администрациясына, Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жана Москва Өкмөтүнүн Билим берүү департаментине бир нече кайрылуулар жөнөтүлгөнүн билдирген.

«Россия тарабынан алынган маалыматка ылайык, балдарды билим берүү мекемелерине киргизүүдөгү кыйынчылыктар биринчи кезекте айрым мектептерде бош орундардын жоктугу менен шартталууда»-деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

Сүрөт: ТИМдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты