ТИМ Кыргызстандык жарандын АКШда камалганын тактоо иштери жүрүп жаткандыгын билдирди

  • 2 недели мурун

Тышкы иштер министрлигинини (ТИМ) басма сөз кызматы социалдык тармактарга жарыяланып жаткан кыргызстандык жарандын АКШда абакка камалып, каржылык жардам сурап жатканы боюнча билдирүү таратты.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:  

“Кыргыз Республикасынын жараны АКШнын түрмөсүндө камалып, каржылык көмөк сурап жаткандыгы тууралуу социалдык тармактарда жарыяланып жаткан маалымат боюнча министрлик төмөнкүлөрдү билдирет. Учурда Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги Кыргыз Республикасынын жаранынын АКШнын тиешелүү органдары тарабынан камакка алынышы менен байланышкан бардык жагдайларды тактоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө. Бул жагдай Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигинин көзөмөлүндө”.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты