ТИМ: Кыргызстан менен Анголанын ортосунда дипломатиялык мамилелер орноду

  • 1 неделя мурун

26-сентябрда Кыргызстан менен Ангола республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу аземи болуп өттү. Ал Нью-Йорк шаарында Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында болуп өткөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, биргелешкен коммюникеге Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Анголанын тышкы байланыштар министри Тете Антонио кол коюшкан.

«Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн алгачкы этапта кызматташуунун негизги багыттары катары билим берүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, туризм, коопсуздук жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды»,-деп айтылат маалыматта.

Ангола Кыргызстан менен дипломатиялык мамиле түзгөн 172-өлкө болгону кошумчаланды.

Сүрөт: mfa.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты