ТИМ Израил менен Ливандын чек арасындагы чыңалган кырдаалдан улам аталган өлкөлөргө барбай турууну сунуштады

  • 2 недели мурун

Израиль менен Ливандын чек арасындагы татаал жана чыңалган кырдаалга байланыштуу, тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарына аталган өлкөлөргө баруудан алыс болууну сунуштады.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, “Ошондой эле Ливан жана Израилде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүү жана мүмкүн болушунча жогоруда аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүү зарыл экенин белгилейт.

Ошону менен бирге Министрлик, белгиленген өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары ыкчам байланыш үчүн Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчилигинин (+96525359951), КРнын Түркиядагы элчилигинин (+905456896800) жана КРн Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышарын билдирет”.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты