ТИМ Флорида штатындагы “Милтон” бороонунда кыргызстандык жарандар жабыркабаганын билдирди

  • 16 часов мурун

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 9-октябрда АКШнын Флорида штатында болгон “Милтон” аттуу күчтүү бороондон жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандары катталбагандыгын 11-октябрда маалымдады.

3-категориядагы бороон кеминде 16 адамдын өмүрүн алып, 3 миллион тургунду электр жарыгысыз калтырды. Бороон айрыкча штаттын чыгыш бөлүгүнө олуттуу зыян келтирген.

Маалыматтар боюнча Флорида штатында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 100гө жакын адамды түзөт. Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүү үчүн КР жарандары жана жергиликтүү бийлик органдары менен байланышты улантууда.

АКШда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурда жардам же кеңеш алуу үчүн элчиликтин төмөндөгү ишеним телефондору аркылуу кайрыла алышат: +1 202 256 2924; +1 312 929 34 42.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты