ТИМ Европаны каптаган бороондо кыргызстандыктар арасында жабыркагандар катталган эместигин билдирди

  • 2 недели мурун

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Борбордук жана Чыгыш Европаны каптаган «Борис» бороону кыйроолорго жана адам курмандыктарына алып келгендигин маалымдады. КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жарандарынын арасында курмандыктар жана жабыркагандар катталган эместигин 22-сентябрда билдирди.

“Суу ташкыны кеминде 26 адамдын өмүрүн алды: Польшада — 10, Румынияда — 7, Австрияда — 5 жана Чехияда — 4 адам. Табигый кырсык турак жайларга, соода объектилерине, транспорт каражаттарына, инфраструктурага жана агробизнеске олуттуу зыян келтирди. Европанын катаал аба ырайы маалыматтар базасынын (ESWD) маалыматына ылайык, 11-сентябрдан бери 1120дан ашык катуу жаан-чачын катталды. Австрия жана Чехиянын айрым жерлеринде жаан 300 миллиметрге жетти же андан ашты, ал эми Польшанын түштүк-батышында айрым метеостанциялар 24 сааттын ичинде 150 миллиметрден ашык жаан жаагандыгын катташты.

Окуя метеорологиялык моделдер тарабынан алдын ала болжолдонгон жана катуу жаан-чачын башталганга чейин бир нече күн мурун жогоруда аталган өлкөлөрдө коомдук эскертүүлөр жарыяланып коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жарандарынын арасында курмандыктар жана жабыркагандар катталган эмес” деп айтылат ТИМ маалыматында.

“Борис” бороону Борбордук Европага ушул айдын орточо көрсөткүчүнөн беш эсе көп жаан алып келип, 11-сентябрдан 16-сентябрга чейин катуу суу ташкындарына себеп болду, айрыкча Польша, Чехия, Словакия, Австрия, Венгрия, Словения жана Румынияны каптаган. Бул өлкөлөрдө кеңири аймактарды суу каптап, жүз миңдеген адамдар эвакуацияланган.

КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери ошондой эле мессенжерлер аркылуу КРнын жарандары үчүн сактык чаралары жөнүндө маалыматтарды жөнөтүп, ыкчам телефондор иштеп жарандар менен байланышта болгондугу айтылып, элчиликтердин телеефон номерлерин жарыя кылды. КР Австриядагы элчилиги: +43 667 7687295, КР Венгриядагы элчилиги: +36302377207, КР Германиядагы элчилиги: +4917660929123, КР Украинадагы элчилиги: +380 99 114 83 07.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты