ТИМ БАЭнин Судандагы резиденциясына абадан сокку урулгандыгына тынчсыздануусун билдирди

  • 4 дня мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Хартум шаарындагы Бириккен Араб Эмираттарынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынын Судан Республикасынын аймагындагы резиденциясына абадан сокку урулганы тууралуу маалыматка тынчсыздануусун билдирет.

Кыргыз Республикасы 1961-жылдагы Вена конвенциясына ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилейт жана эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптерин жана нормаларын сактоого чакырат.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты