The Bell: Согуш башталгандан бери Орусиядан 660 миңден ашык адам чыгып кеткен

  • 2 месяца мурун

Украинада согуш башталгандан бери Орусиядан чыгып кеткен 666 миң киши кайра кайтып барган эмес.

Бул тууралуу The Bell басылмасы дээрлик 70 өлкөнүн миграциялык жана статистикалык органдарынын маалыматтарына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, орусиялыктар эң көп виза талап кылынбаган өлкөлөргө кетишкен: Арменияга (110 миң), Казакстанга (80 миң) жана Грузияга (74 миң). Мындан тышкары орус жарандары жапырт түрдө АКШга жер которуп, бул өлкөдөн 48 миңи башкалка сураган. Ошондой эле 80 миң киши тарыхый мекени катары Израилге көчүп кеткен.

Европа өлкөлөрүнүн ичинен 36 миң орусиялык Германияга, 30 миңи Сербияга, 16 миңи Латвияга, 12 миңи Испанияга жана дагы 12 миңи Нидерландга барган.

Орусиялыктардын эмиграциясы үчүн Түркия да популярдуу багыттардын бири болгон. Бирок бул өлкө орус жарандарына жашап туруу укугун бербей калгандан кийин көбү башка мамлекеттерге кетишкен. The Bell белгилегендей, согуш башталгандан бери 28 миң орусиялык Түркияда жашап туруу укугун алган.

Журналисттердин айтымында, Кипр менен Португалия өлкө аймагында жүргөн орусиялардын саны боюнча статистикалык маалыматтарды берген эмес. Мындан тышкары түрдүү өлкөлөрдө жашап туруу укугун алган орус жарандарынын канчасы кайра мекенине кайтып барганы боюнча маалыматтар жок. Ошондой эле ХАМАСтын кол салуусунан кийин Израилден кеткен орусиялыктардын так саны белгисиз.

Сүрөттө: Шереметьево аэропорту. TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты