Тез (эмес) жардам. 700 миң кыргызстандыкка тез жардам жетпей калуусу мүмкүн

Биздин изилдөө көрсөткөндөй күтүлбөгөн кырсык учурунда 700 миң адам тез жардамдан убагында жардам ала албай калуу коркунучу бар. Өлкөдө тез жардам станциялары, бригадалары, дарыгерлери жетишсиз. Тез жардам чакырсаңыз канча убакта келүүсү мүмкүн, бул маселени кантип чечүүгө болот, биздин макаладан окуңуз.

Сузак районунун Ачы айылынын тургуну Бегалы биздин редакцияга төмөндөгүдөй окуя менен бөлүштү:

“Өткөн жылдын күз мезгилинде кошуналарыбыз жайлоого бара жатып жол кырсыгына кабылышкан. Туугандары кабарды угуп, тез жардам чакырышат. Бирок ал бир жарым саат өткөндөн кийин гана келди. Бул убакыт ичинде кошунабыз уулу менен кайтыш болуп кетишти. Артында аялы жана эки баласы калды. Эгер тез жардам убагында келгенде, алардын өмүрүн сактап калууга болмок деп ойлойм”, —  деди.

Ачы айылын караган тез жардам Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин буйругун бузган. Буйрукка ылайык, тез жардам бригадасы чакырууга 30 мүнөт аралыгында келүүсү керек. Ал эми Бишкек шаарында калктын жыш жайгашканына жана инфраструктурасынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу 20 мүнөт ичинде келүүсү кажет.

Дарыгерлердин айтымына караганда, инсульт, инфаркт жана күтүлбөгөн кырсыкка кабылганда тез жардамдын убагында келүүсү өтө маанилүү. Себеби ар бир мүнөт менен адам өмүрү бааланат. Мисалы адам инфаркт болгондо биринчи медициналык жардамды 30 мүнөт ичинде көрсөтүп жетишүү керек.

Биз түзгөн картага сиз жашаган айылды же шаарды киргизип, тез жардамдын канча убакта келе турганын карап көрүңүз. Карта бригадалардын санына жана тез жардам станцияларынын даректери боюнча расмий маалыматтарга негизделген.

Биздин эсеп боюнча тез жардам 700 миң киши жашаган 559 калктуу конушка жарым саат ичинде келүүгө жетишпейт. Ал конуштардын көбүнчөсү аз калктуу жана алыскы айылдар. Өзгөчө инфраструктурасы өнүкпөгөн, жолдору начар аймактарда тез жардамдын жетүүсү кыйынчылык жаратат.

Тез жардам жетишпеген аймактардагы жарандар бул маселе менен өздөрүнчө күрөшүп келишет. Көпчүлүк учурда ден-соолукка олуттуу коркунуч жаралган учурда жашоочулар өздөрү ооруканага барышат. Бирок өзгөчө кырдаалдарда, бейтапты өз алдынча ташууга мүмкүн болбогондо же кооптуу болгондо, тез жардам чакырып, күтүүгө мажбур болушат.

Убагында келе албайт, себеби жетишпейт

Өлкө боюнча тез жардам бригадаларынын жетишсиздиги байкалат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин нормативи боюнча 9000 кишиге бир жалпы тез жардам бригадасы туура келет. Кайсы аймактарга тез жардам жетишперин төмөндөгү графиктен көрсөнүз болот:

Мындан сырткары адистештирилген экипаждар да жетишпейт. Буларга адистештирилген дарыгерлер, мисалы: кардиолог, невропатолог, психиатр жана башкалар кирет. Буйрук боюнча бир адистештирилген бригада 13 500 кишини тейлеши керек. Мындай бригадалар Бишкек жана Ош шаарларында гана бар. Бирок бул жерлерде да алардын саны жетишсиз. Бишкек шаарын норма боюнча 80 бригада тейлеши керек болгону менен, азыр 64 гана бригада иштейт.

Тез жардамда адис дарыгерлер жетишсиз. Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун директору Искендер Шаяхметовдун айтымында, бул тармакта дарыгерлер аз болгондугунун көптөгөн себептери бар:

«Бизде бул жумуш престиждүү эмес. Айлык аз, социалдык жактан коргоо начар. Кышында суук, жайында ысык унаада отурушат. Мындан тышкары тез жардам дарыгерлери өздөрүнүн коопсуздугу үчүн коркушат. Чалууга келгенде жарандар тарабынан аларга карата кол көтөргөн учурлар да болот. Жакында эле бир айдоочубуз ур-токмокко алынып, башы атайылап унаанын эшигинен кыпчылган. Ал азыркы күнгө чейин ооруканада жатат».

Мындан тышкары, Шаяхметовдун айтуусу боюнча дарыгерлер бул жактан тажрыйба топтоп алып Казакстан, Россия сыяктуу өлкөлөргө кетип жатышат. Себеби ал жакта алардын кызматтары суроо-талапка ээ жана жогору бааланат.

Кыргызстандын аймактарында тез жарда унаалары жетишсиз экени байкалат. 2009-жылы изилдөө жүргүзүлүп, сурамжылоого катышкан кызматкерлер региондордогу чакырууларга 80-жылдардары чыгарылган техника менен барышарын айтышкан. Мындай техника менен тоолуу аймактарда жол жүрүү оор, айрым учурда мүмкүн эмес.

«Мындай машиналар тез жардам дарыгерлери үчүн да, бейтаптар үчүн да кооптуу. Буларды тез арада алмаштыруу керек», — деп сурамжылоого катышкан дарыгерлер билдиришкен.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин буюртмасы менен жасалган башка изилдөөдө бюрократия жана нормативдик-укуктук базанын жетишсиздиги жөнүндө айтылат. Кыргызстанда саламаттыкты сактоону республикалык деңгээлде координациялап турган бир дагы борбордук уюм жок. Тез жардам кызматынын жетекчилиги эки уюмга: Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ММКФ) жана Республикалык медициналык маалымат борборуна баш ийет. Бир органдын жоктугу тез жардам кызматтарынын штаттык режимде иштөөсүнө тоскоол болуп, көбүрөөк жүктү жаратат.

Маселени кантип чечсе болот?

M4H жана Avanco Consulting Company изилдөөчүлөрүнүн айтымында, тез жардам боюнча кырдаалды жакшыртуу үчүн бир нече маанилүү маселелерди чечүү керек. Биринчи кезекте эмгек акыны жогорулатуу жана мамлекет тарабынан социалдык жактан коргоо зарыл. Мындан тышкары, медициналык окуу жайларда тез жардамга тиешелүү адистиктерге бөлүнгөн орундарды  көбөйтүү керек.

Ал эми тез жардам чакырууга өз убагында келүүсү үчүн кошумча тез жардам бөлүмдөрү түзүлүп, жаңы унаалар талап кылынат. Алар өз убагында техникалык кароодон өтүп туруусу керек.

Тез жардам кызматынын кейиштүү абалы жана саламаттыкты сактоо системасынын жылдар бою топтолуп калган көйгөйлөрү коронавирустук пандемия учурунда ачыкка чыкты. Бул тармакты реформалап жана өнүктүрүү зарылчылыгы айдан ачык. Бирок сунуштар кагаз жүзүндө гана калууда.


Калктуу конуштар боюнча картаны анализдөө Алтынай Ногойбаева (“Городские инициативы” КФ) менен биргеликте жасалды. 

Авторлор: Чолпонбек Сабырбеков, Алтынай Нурланова, Эркеайым Темирболотова

Дата-редактор: Чолпон Узакбаева

Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

Спасибо за то, что решили нам помочь. Все ваши пожертвования пойдут на развитие нашего сайта.

договором оферты