Темирлан Султанбековдун атасы уулунун коопсуздугу үчүн бийлик жооптуу болорун билдирди
- 3 дня мурун
- Видео
Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков уулунун кармалышы боюнча акыркы окуяларга байланыштуу кыргыз элине, президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоду.
“Мен, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагери, афган-тажик чек арасындагы тынчтыкты орнотуу операциясынын, Баткен жана Ош окуяларынын катышуучусу, Ата Мекенге 30 жылдан ашуун кызмат кылган полковник Медетбек Султанбеков, уулум менен сыймыктанам. Уулума чынчылдык, акыйкаттык, кыргыз элине ак кызмат кылуу сапаттарына ээ болууга тарбияладым жана анын ошондой тарбия ала алганына сыймыктанам. Мен уулум Темирлан Султанбековго жасалып жаткан мыйзамсыздык менен чектен ашууга сөз катпай унчукпай келдим жана көңүл бурбайын дегем.
Мен, депутаттыкка талапкердин конституциялык укугу бузулуп жатканда, аны мажбурлап, 16 сааттык суракка алып киргенде унчуккан жокмун.
Мен аны сурактан кийин белгисиз куралчандар коркутуп, кайрадан шаардык ички иштер башкармалыгына алып барганда, унчуккан жокмун.
Уулумду мажбурлап алып баратканда унчуккан жокмун. Жок жерден колумдан уулумду алдырып ийдим.
Кечээ соттон ИИМ жана УКМКнын көптөгөн өкүлдөрү жүргөндө, сот залына тоскоолдуксуз кирип-чыгып жатканда, балким чечим кабыл алууну көзөмөлдөп жана чечим кабыл алууга басым кылып жаткандыр, анда мен унчуккан жокмун.
«Бирок жогоруда айтылгандардан улам, мен, Темирландын атасы катары анын коопсуздугуна абдан кабатыр болуп жатам, бүгүнтөн баштап, уулумдун ден соолугунун жана өмүрүнүн коопсуздугун Конституциянын гаранты катары мен президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тапшырам” деди Медетбек Султанбеков.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.
14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
Ошондой эле Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.
Сүрөт коллажы: Медетбек жана Темирлан Султанбековдор. RFE/RL