Темирлан Султанбеков сурактан чыгып, Ирина Карамушкина менен Роза Турксевердин кармалганын билдирди

  • 3 дня мурун

14-ноябрга караган түнү «Социал-демократтар» партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер Темирлан Султанбеков сурактан чыгып, абалды түшүндүрүп, журналисттерге маек берди. Маек «Социал-демократтар» партиясынын Инстаграм баракчасына жарыяланды.

Анда Темирлан Султанбеков Ирина Карамушкина менен Роза Турксевердин кармалганын билдирди. Ал бул кадамды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуу деп атады.

Ошондой эле ал суракта ачыкка чыгарбоо келишимине кол коюудан баш тарткандыгын айтты. «Сурак Ирина Карамушкина Назар Ниязовго 15 миң сом берди деген видео боюнча болду. Эгерде БШКнын сайтына, «Талапкер» сайтына кирсе, Ниязов Назар Аблезимовичу 15 миң сом эмгек акы катары берилгенин көрүүгө болот»,- деген ал.

Темирлан Султанбеков аны талапкерлердин тизмесинен чыгууну суранышканын да айтты. «Чындап айтканда, менден талапкерлердин тизмесинен чыгуу боюнча арыз жазуумду суранышты. Ошондуктан биз талапкерлер менен чогулуп, бул мүмкүнчүлүктү талкуулайбыз. Чындыгында алар бүт партияны четтетүүнү каалап жатышат», -деди ал.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты