Телефон чалуунун дарегин жашыруучу атайын аппаратура колдонгондор кармалды

  • 16 часов мурун

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын  кызматкерлери тарабынан, борборубуздагы батирлердин биринен, эл аралык чалууларды жергиликтүү  чалууларга окшоштуруп колдонууга ыңгайлаштырылган атайын СИМ-бокс аппаратуралары табылып, алынды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын басма сөз кызматы кабарлады.   

Маалыматта айтылгандай, алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарынын ИИББ ыкчам кызматкерлери, Бишкек тергөө кызматы менен бирге борбордогу батирлердин биринде тинтүү иштерин жүргүзүп, атайын СИМ — бокс  аппараттары  табышкан, алар:

— 1 блок — СИМ-бокс, 128 ячейкасы менен. (сим-карта киргизилген ячейка) Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү үчүн музыкалык күчөткүч катары жашырылган.  
— 120 даана- жергиликтүү уюлдук компаниялардын СИМ-картасы;  

Аталган кылмыш фактысы боюнча, кылмышты жасоого катыштыгы бар деген Т.К., аттуу шектүү  Бишкек  шаардык ИИБ тергөө кызматына жеткирилип, тергөө иштери башталды

Иликтөөнүн жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан эл аралык алдамчылар, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары чыгып,  СИМ-бокс колдонуу менен биздин жарандарга телефон аркылуу чалып, ири суммадагы акча алып жүрүшкөндүгү аныкталган.

Кармалган чет өлкөнүн жараны Т.К., борбордогу батирлердин биринде көзмөл жүргүзгөн адамдардын көрсөтмөсү менен белгилүү бир убакта симбокс аппаратын туташтырып, өзүнүн кызматы үчүн ири суммадагы акча алып жүргөн.

Ал  адамдар шектүүнү, Telegram мессенжеринде мурда түзүлгөн канал аркылуу ыкмаларды, туташуу убактысын жана  жашаган жерин алмаштырууну үйрөтүшкөн.  Мындан тышкары,  Кыргыз Республикасынын  ИИМ аталышындагы телеграмм-каналы,  банктын жана ички иштер органдарынын кызматкеринин жасалма күбөлүгүнүн сүрөтү аныкталган.  Мындай жол менен алар өзүн  милиция кызматкерлери жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырып жүрүшкөн.

Сим-бокс  бул- уюлдук байланыш тармагынын  ишке салуу жөндөмүн бузуу жолу менен эл аралык чалууларды, жергиликтүү чалууга окшоштуруп ыңгайлаштырган  жашыруун аппарат. Алдамчылыктын бул ыкмасын шылуундар көбүнчө эл аралык чалууларды ички же акысыз чалуулардын баасында колдонушат.

Телефон чалуунун дарегин жашыруучу атайын аппаратура колдонгондор кармалды
Телефон чалуунун дарегин жашыруучу атайын аппаратура колдонгондор кармалды

Сүрөттөр: mvd.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты