Тажрыйбасы жок такси айдоочуларга көзөмөл күчөтүлөрү эскертилди

  • 1 неделя мурун

Акыркы учурларда унаанын техникалык абалына көңүл бурбастан, айдоочулук тажрыйбасы жок, тийиштүү документ чогултпастан, такси кызматына тиркемелер аркылуу жеңил туташып, жүргүнчүлөрдү коммерциялык жолдор менен ташып жүргөн такси айдоочулар көбөйүүдө. 

Бул тууралуу жол коопсуздугу кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгы билдирди.   

Бул айдоочуларга көзөмөл жок болгондуктан, эмгек жана эс алуу режимдерин сактабай, энергетикалык суусундуктарды ичип алып, чарчаган абалда суткалап уктабай, жүргүнчүлөрдү кооптуу абалда ташуу көп болуп, кесепети жол кырсыктары менен коштолгон учурлар кездешүүдө.

Ошондуктан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандардан такси кызматын тейлөөсүн жакшыртуу жана жоопкерчилигин күчөтүү максатында, такси кызматынын айдоочулары тарабынан жол эрежелери бузуу учурлары катталган учурда 0777 102-102 ишеним номуруна кайрылсаңыздар болоорун эскертет.

Сүрөт: Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты