Тажикстандын муфтийинин чекесине бычак урулган

  • 5 дней мурун

Тажикстандын Уламалар кеңешинин төрагасы Саидмукаррам Абдулкодирзодага жасалган кол салуунун айрым жагдайлары белгилүү болду.

Окуянын күбөсү “Озоди” радиосуна белгисиз бирөө муфтийге кол салып, анын чекесине бычак урганын билдирди. Расмий маалымат боюнча, окуя 11-сентябрдын кечинде Душанбе шаарынын борбордук мечитинде намаз учурунда болгон.

«Ал Абдулкодирзоданын чекесине бычак сайган. Намазга келгендер дароо реакция жасашып, кол салган адамды кармашкан. Сомони райондук ички иштер бөлүмү мечиттин жанында жайгашкан, окуя болгон жерге укук коргоо кызматкерлери ыкчам жетип барышкан» деп белгиледи маектеш.

Окуядан кабардар булактын айтымында, муфтий ооруканага жеткирилип, жаракаты жеңил болгондуктан үйүнө чыгарылган.

Укук коргоо органдары кармалган адамдын тек-жайы тууралуу маалымат беришкен жок. “Озоди” радиосунун маалыматына караганда, муфтийге кол салган адам борборго чектеш райондордун биринде жашайт.

Тажикстандын ИИМи 11-сентябрь күнү кечинде өлкөнүн муфтийине кол салуу болгонун кабарлаган.

Сүрөттө: Саидмукаррам Абдулкодирзода. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты