Тажикстанда уй этинин баасы кымбаттады

  • 3 недели мурун

БУУнун Азык-түлүк программасы Тажикстанда эттин баасы жогорулаганын белгиледи.

Бул эл аралык уюмдун маалыматы боюнча, акыркы бир айда эле уй этинин баасы 13 пайызга көтөрүлүп, учурда өлкөнүн көптөгөн базарларында килограммы 85-90 сомониден сатылууда. Былтыркыга салыштырмалуу уй этинин баасы 27 пайызга кымбаттады.

БУУнун Азык-түлүк программасы 19-августта жарыяланган соңку баяндамасында өлкөнүн базарларындагы уй этинин орточо баасын 79 сомониден ашык деп баалаган.

Бирок 21-август күнү эртең менен сурамжылоого катышкан борбор калаа тургундары дүкөндөрдө жана касапканаларда эт 90 сомониден жогору сатылып жатканын айтышкан. Уй этинин баасы июль айында эле көтөрүлө баштаган жана бул тенденция тажик бийлигинин өкүлдөрү катышкан маалымат жыйындарында талкууга алынган.

Монополияга каршы кызматтын биринчи орун басары Сафарали Курбонзода эттин кымбатташын бодо малдын азайышы менен түшүндүрүүдө.

Ал эми Айыл чарба министрлигинин жетекчилиги өлкөдө бодо малдын саны азайбаганын, эттин баасы сырттан ташылып келген жем-чөптүн кымбаттаганынан улам өсүп жатканын билдирди.

Айыл чарба министринин орун басары Машокир Назарзода уй этинин кымбатташынын дагы бир себебин калктын этке болгон суроо-талабынын өсүшү менен байланыштырды.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты