Тажикстанда мектептер 10 баллдык баалоо системасына өтөт

  • 1 неделя мурун

Тажикстандын билим берүү министрлиги мектептердеги учурдагы баалоо системасын өзгөртүүнү көздөөдө: беш баллдык шкаладагы баалоо системанын ордуна он баллдык система киргизилет.

Бүгүнкү күндө жаңы система өлкө боюнча 140 орто мектепте сыналууда. Бирок кээ бир мугалимдер баалоо шкаласына эмес, билимдин сапатына көңүл буруу маанилүү деп эсептешет.

Тажикстандын билим берүү министрлиги мугалимдерди жаңы система боюнча окутуу этап-этабы менен жүргүзүлөрүн, бул системанын ишке кириши менен окуу программасына жана окуу китептерине өзгөртүүлөр киргизилерин билдирди.

Ошол эле учурда Тажикстандын мектептеринде башка көйгөйлөр – мугалимдердин айлык акысынын аздыгы, кадр тартыштыгы, мугалимдерди башка жумушка тартуу, мектеп ишине кийлигишүү, ошондой эле билим берүүнүн сапатынын төмөндүгү көп жылдардан бери чечилбей келет.

Тажикстанда 4 миңден ашык мектеп бар, аларда 2 миллион 280 миң окуучу окуйт.

Мурдараак Кыргызстанда да мектептерде 10 баллдык баалоо системасы киргизилери айтылып, кийин Билим берүү жана илим министрлиги 5 баллдык баалоо системасы каларын билдирген.

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты