Тажикстанда кыз-келиндерди «кара, чыпташкан жана тор кийим кийбөөгө чакырган» чечим чыкты

  • 2 месяца мурун

Тажикстандын Уламалар кеңеши кыз-келиндерди кара, чыпташкан жана тор кийимдерди кийбөөгө чакырган чечим чыгарды. Анын тексти Тажикстандын Ислам борборунун сайтына жарыяланды.

Анда чыпташкан жана тор кийимдер «дененин айрым бөлүктөрүнө басым жасай турганы», ханафи мазхабында кара кийим «милдеттүү эмес экени» жана ал Тажикстандын улуттук өзгөчөлүктөрү менен географиялык шартына «туура келбей турганы» белгиленген. Ошол эле маалда кеп кара түстөгү кайсы кийим жөнүндө болуп жатканы так жазылган эмес. Бирок айрым талдоочулары анда арабдардын чадра жана хижаб өңдүү кийимдери жөнүндө жазылган болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

«Тажик аялдары кылымдардан бери жергиликтүү салт-санааларды, элементтерди жана жаратылыш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен шарияттын талаптарына жооп берген кийимдерди кийип келишкен. Ислам дининде кийим кийүүнүн өз эрежелери бар. Ошол эле маалда анда кийимдин стили, түсү боюнча эч кандай чектөө жок. Ошондуктан биздин мазхабда улуттук түстөгү кийимдерди кийүүгө жол берилет» деп жазылган чечимде.

Тажикстанда быйыл июнда күчүнө кирген «Салттарды жана ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, өлкөгө улуттук маданиятка төп келбеген кийимдерди алып кирүүгө, сатууга жана коомдук жайларда кийүүгө тыюу салынат.

Мыйзамда «жат кийимдерге» кандай кийимдер кирери так жазылган эмес. Бирок талдоочулар тажик бийлигинин буга чейинки аракеттерин эске алып, кеп мусулмандардын кийими жөнүндө болуп жатышы мүмкүн деген божомолдорун айтышкан.

Тажик бийлигинин бул чечимин Мусулман окумуштууларынын лигасы сынга алып, Ооганстандагы айрым радикал дин адамдары «жихад» да жарыялашкан.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты