Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилди

  • 2 недели мурун

22-сентябрдан тартып Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилет. “Барки Точик” энергетикалык компаниясы суунун тартыштыгы жана калктын санынын өсүшү электр энергиясына болгон сурооталапты көбөйтүп, 1 миллиард кВт/саат тартыштыкка алып келгенин билдирди.

Тажикстанда электр кубатына чектөө былтыр октябрь айында киргизилсе, быйыл эртерээк башталат. Жергиликтүү тургундар буга чейин Дүйшөмбүдө жана башка аймактарда электр жарыгы өчүп жатканын билдиришкен.

Өлкөнүн энергетика министри калкты кышка алдын ала даярданууга жана көмүр камдоого чакырды. Үчүнчү турбинасын 2025-жылы ишке киргизүү пландалып жаткан Рогун ГЭСинин курулушу аяктаганга чейин энергетикалык чектөөлөр күчүндө болот деп күтүлүүдө.

Тажикстан Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык системасына кайра кошулганы менен электр энергиясынын тартыштыгы чечилбей келет.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты