Тажикстанда баңгизаттан көз каранды аялдардын саны көбөйүүдө

  • 1 неделя мурун

Тажикстанда баңгизаттан жабыркаган аялдардын саны көбөйдү. 23 жаштагы Марворид (аты өзгөртүлдү) үч жылдан бери баңгизатын колдонуп жүргөн, бирок азыр баңгизат алуудагы кыйынчылыктардан улам көз карандылыгы менен күрөшүүнү чечти.

«Озоди» радиосуна курган маегинде Марворид жетим болуп, начар шартта чоңоюп, туңгуюк жолго түшүп кеткенин айтты.

«Бир жолу алар мага баңгизат колдонууга мүмкүнчүлүк беришкен жана мен ага байланып калдым. Ал бир аз убакытка гана баарын унутууга жардам берет» дейт Марворид.

Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарымында наркомандардын жалпы саны азайса, аялдар арасында көбөйгөн. Учурда 109 наркоман аял каттоодо турат — биринчи жарым жылда алардын саны 6га көбөйдү.

Тажикстандын саламаттык сактоо министрлиги баңгичиликтин алдын алууда олуттуу жылыш болгонун билдирүүдө. Өлкөдө бул көйгөйгө каршы күрөшүү боюнча үч мамлекеттик программа жана эки стратегия ишке ашырылган.

Бирок «СПИН-Плюс» өңдүү коомдук уюмдар дары-дармектерди алуу кыйындап, алардын баасы кыйла жогорулаганын белгилешет. Наркологиялык борборлорго кайрылгандардын саны да азайды, бул дарыланууга кеткен чыгымга байланыштуу болушу мүмкүн.

Учурда Тажикстанда баңгичиликтен жабыркаган 4 миңден киши катталган, бул былтыркыдан 117 адамга аз. Анткен менен эл аралык уюмдар наркомандар расмий статистикада көрсөтүлгөндөн алда канча көп деп эсептешет.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты