Тажикстанда Англияда жумуш убада кылган компаниянын директору кармалды

  • 1 неделя мурун

Тажикстандын Коррупцияга каршы агенттиги кардарларына Улуу Британияда жумуш менен камсыз кылууну убада кылган жеке фирманын директору кармалганын билдирди. Ал ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелүүдө.

Маалыматка караганда, Душанбе шаарындагы «Арса» ишканасынын директору 2023-жылдын декабрынан 2024-жылдын апрелине чейин тажик жарандарынан алдамчылык жолу менен акча алган. Ал Улуу Британияда жумушка орноштурууга убада берген, бирок анын компаниясынын британ фирмалары менен келишимдери жок болгон.

Фирманын директору – Одилов аттуу киши өзү көрсөтө албаган кызматы үчүн кардарлардан 22 миң сомониден 25 миң сомониге чейин (болжол менен 2 миң – 2 миң 300 АКШ доллары) талап кылган.

Тапкан акчасына ал Toyota Land Cruiser унаасын сатып алып, калган акчаны башка керектөөлөрүнө жумшаган.

Учурда тергөө иштери башталды. Одиловдун өзүнүн же «Арса» компаниясынын пикири белгисиз.

Чет өлкөдөгү эмгек миграциясы Тажикстандагы көптөгөн үй-бүлөлөрдүн негизги киреше булагы болуп эсептелет. Көбүнчө Тажикстандын жарандары Орусияда иштөөнү тандашат, бирок акыркы мезгилде, айрыкча Орусияда миграциялык мыйзамдардын катаалдашканына байланыштуу көп адамдар иш үчүн башка өлкөлөрдү тандап алууну туура көрүшөт.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты