Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда жаңы автобус каттамы ачылды

  • 2 недели мурун

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда дагы бир жаңы автобус каттамы ачылды. Эми Өзбекстандын Ташкент облусундагы Алмалык шаарынан Тажикстандын Хожент шаарына автобус күн сайын каттайт.

Жол кире болжол менен 50 сомони же 60 миң сум (400 сомдун тегереги) болот.

Каттамды өзбек жана тажик транспорт компаниялары уюштурат. Каттам ишке киргизилгени менен жүргүнчүлөрдүн саны жетишсиз болуп калат деген кооптонуу бар.

Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 15 автобус каттамы ачылган, бирок экөө гана активдүү иштеп жатат.

Эки өлкө ортосунда автобус каттамдары 1992-жылы токтотулуп, 2017-жылы кайра жанданган жана 30 күндүк визасыз режим да киргизилген.

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты