Тажикстан ИИМи сырдуу киши өлтүрүүлөр боюнча комментарий берди

  • 1 месяц мурун

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Согд облусунун Канибадам шаарында акыркы үч айда болгон табышмактуу киши өлтүрүүлөр боюнча биринчи жолу расмий комментарий берди.

8-августта ички иштер министринин биринчи орун басары Абдурахмон Аламшозода бул шаарда беш үй-бүлөнүн бир нече мүчөсү “тиричилик себептерден” улам өлтүрүлгөнүн айтты. Алардын көбүнө үй-бүлөлүк жаңжал себеп болгонун белгиледи.

«Үч адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды, анын экөө үй-бүлөлүк чырдан улам жасалган. Жакын арада кылмыш иштери сотко өткөрүлөт. Ал эми Ахмадовдор менен Иброхимовдордун үй-бүлөсүнүн өлүмү боюнча Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Бул ишке “купуя” деген мөөр басылган жана биз толук маалымат бере албайбыз» деп баса белгиледи Аламшозода.

Канибадамдын тургундары бардык киши өлтүрүү фактылары окшош болгонун, кылмышка шектүүлөрдүн кармалганы тууралуу маалыматтын жоктугу калкты дүрбөлөңгө салганын билдиришкен. Майдын аягы — июнь айынын башында социалдык тармактарда кара кийимчен адамдар түнү менен көчөдө жүргөнү, балким кезектеги курмандыктарын издеп жатканы жөнүндө видео тараган.

Мына ушундай кырдаалдан улам эл үй буюмдары менен куралданып, түнү менен маалелеринде кароолго турууга аргасыз болушкан. Алардын айтымында, «эл ушундай оор кырдаалда жалгыз калган».

Эки жума мурун “Озоди” радиосунун өз булактары Канибадамдагы бир катар адам өлтүрүүгө шектелгендердин бири кармалганын кабарлашкан. Бирок Ички иштер министрлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты