Тажик бийлиги аялдар үчүн жаңы дресс-код иштеп чыгууда

  • 1 месяц мурун

Тажикстандын бийлиги менен дин ишмерлери аялдар жумушка жана бош убактысында кандай кийиниши керектиги боюнча жаңы эрежелерди иштеп чыгууда. Бул тууралуу «Озоди» радиосу кабарлады.

Акыркы алты жылдан берки экинчи дресс-код жакынкы күндөрү жарыяланат деп күтүлүүдө. Маалыматка караганда, буга байланыштуу Душанбеде атайын иш-чара уюштурулуп, анда жаңы эрежеге ылайык келе турган кийимдер көрсөтүлөт.

Тажикстандын дин иштери боюнча комитетинин башчысы Сулаймон Давлатзоданын айтымында, биргелешкен жумушчу топ улуттук баалуулуктар менен каада-салттарга ылайык келген кийимдерди бекитүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Июлдун аягында Тажикстандын Уламалар кеңеши кыз-келиндерди кара, чыпташкан жана тор кийимдерди кийбөөгө чакырган чечим чыгарган.

Чечимде чыпташкан жана тор кийимдер «дененин айрым бөлүктөрүнө басым жасай турганы», ханафи мазхабында кара кийим «милдеттүү эмес экени» жана ал Тажикстандын улуттук өзгөчөлүктөрү менен географиялык шартына «туура келбей турганы» белгиленген.

Быйыл июнда күчүнө кирген «Салттарды жана ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, Тажикстанда улуттук маданиятка төп келбеген кийимдерди алып кирүүгө, сатууга жана коомдук жайларда кийүүгө тыюу салынат.

Мыйзамда «жат кийимдерге» кандай кийимдер кирери так жазылган эмес. Бирок талдоочулар тажик бийлигинин буга чейинки аракеттерин эске алып, кеп мусулмандардын кийими жөнүндө болуп жатышы мүмкүн деген божомолдорун айтышкан.

Тажикстанды 30 жылдан ашык убакыттан бери башкарып келе жаткан президент Эмомали Рахмон көз карандысыз ЖМКларга басым жасап, саясий плюрализм менен жарандардын диний укуктарын чектегени үчүн сынга кабылып келет.

Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Тажикстанда 2007-жылдан бери мектептерде, университеттерде жана жумушта ислам жоолуктарын салынууга тыюу салынган. Мындан тышкары бийлик узун жана коюу сакал коюп жүргөн жарандарды кармап, сакалдарын алууга мажбурлап келет.

2023-жылы тажик өкмөтү блогерлерге кайрылып, сакал коюуну пропагандалоо – террорчуларга тилектештик билдирүү жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүү катары баалана турганын эскерткен.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты