Таттыбүбү Эргешбаева: “Убакыт өтүп, бул норма өздөрүнө каршы иштеп калышы мүмкүн” (Видео)

Кыргыз өкмөтү медиа каражаттарында, интернетте жалган маалымат тараткандарды жазалоо боюнча кезектеги мыйзам долбоорун сунуштады. Биз «Тет-а-Тет» программабызда ушул мыйзам долбоору тууралуу юрист Таттыбүбү Эргешбаева менен кеңири маектештик.

– Ар-намыс, кадыр-баркка шек келтирүүчү нормаларды контролдоо боюнча укук бузуулар кодексине өзгөртүү сунушталып жатат. Бирок бул мыйзам долбоорунун алгачкы өзгөчөлүгү, аткаруу бийлигинин өкүлү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги интернеттеги, массалык маалымат каражаттарындагы билдирүүлөрдү өз каалоосу менен мониторинг жүргүзүп, кимдин ар-намысына шек келтирип жаткандыгын аныктайт.

Ошонун негизинде маданият министрлиги адамдарды жоопкерчиликке тартуу, айып пул салуу боюнча өзүнчө мыйзамдык механизм түзүлүп жатат. Негизи адилеттүүлүктү аныктай турган акыркы инстанция бир гана сот системасы болот.

Экинчиден, субьект мамлекеттик орган боло албайт. Субьект — жабыркаган адам же кайсы бир аткаминер, саясатчы, жөнөкөй жаран болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө адилеттүүлүктү орнотуучу механизм бузулуп атат. Аткаруу бийлиги адамдардын пикирине, ой-жүгүртүүсүнө болгон өзгөчө контролдоону күчөтүп жатат. Биз бүгүнкү күндө күчтүү президенттик өлкөдө жашайбыз. Мыйзамга ылайык, президенттик администрациянын күчү — парламенттен, соттон дагы өйдө турат. Сот системасы, Башкы прокуратуранын ыйгарым укуктары анчалык күчкө ээ эмес.

Андыктан, аны дагы күчөтүп, дагы супер президенттик концепцияга кошумчалоо ойго дагы келбеген нерсеге алып келүүсү, бул мыйзам долбоорунун сунушталышы мен үчүн түшүнүксүз. Мындай мыйзам долбооруна учурда муктаждык жок болчу. Конструктивдик сын айтуу аянтчасы кыскарып жатат. Бул мыйзам долбоору бир гана аткаминерлердин кызыкчылыгын коргоп турат. Убакыт өтүп, бул норма өздөрүнө каршы иштеп калышы мүмкүн. Биз адамдардын укугун сактоочу механизмдерди кармап калууга аракет кылып атабыз.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты