Ташкентте мыйзамсыз казино уюштурган 30 киши, анын ичинде 12 чет өлкөлүк кармалды

  • 1 месяц мурун

Ташкентте ижарага алынган үйдө онлайн кумар оюндарын уюштурган 12 чет өлкөлүк жана Өзбекстандын 18 жараны кармалды. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, чет өлкөлүктөр ижарага алган Яккасарай районундагы үйдө уюштурулган казинодо акыркы үч айдын ичинде 900 000 доллар акча айланган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө далил буюм катары 37 ноутбук, накталай 1 400 доллар, 34 сим-карта, 7 телефон жана 12 банк карталары табылган.

Бул факты боюнча «Кумар жана тобокелдиктерге негизделген башка оюндарды уюштуруу, өткөрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды.

Өзбекстандын мыйзамдарында бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Эгер мындай иштер уюшкан топтор тарабынан же алардын кызыкчылыгында жасалган болсо, анда камакка алуу мөөнөтү 10 жылга чейин жетиши мүмкүн.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты