Ташкентте 1-октябрдан тартып мамлекеттик медициналык камсыздандыруу ишке кирет

  • 2 месяца мурун

1-октябрдан тарта Ташкентте жана Сырдарыя облусунда мамлекеттик медициналык камсыздандыруу ишке киргизилет. Бул тууралуу  Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Быйылкы жылдын аягына чейин «Электрондук поликлиника» жана «Электрондук оорукана» маалыматтык системаларын ишке киргизүү, ошондой эле медицина кызматкерлерин аларды колдонууга үйрөтүү пландаштырылууда. Мындан тышкары мекемелер керектүү технология жана тармактык жабдуулар менен жабдылат.

2025-жылдын 1-январынан баштап Каракалпакстанда камсыздандыруу ишке кирсе, 2026-жылдын аягына чейин Өзбекстандын башка аймактарын да камтыйт.

Камсыздандыруунун алкагында медициналык кызмат көрсөтүү жана дары-дармек менен камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат, калктан кошумча төлөм алынбайт.

Өзбекстандын башка аймактарында мамлекеттик медициналык камсыздандыруу системасын 2026-жылдын аягына чейин киргизүү пландалууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты