Ташкент облусундагы эң ири мөңгү тездик менен эрип жатат

  • 3 недели мурун

Өзбекстандын Гидрометеорология илимий-изилдөө институту менен «Жашыл Борбор Азия» деп аталган немис изилдөө борборунун биргелешкен долбоорунун алкагында Ташкент облусундагы эң ири мөңгү деп эсептелген «Пахтакор» мөңгүсүнө кезектеги экспедиция башталды.

Климотолог Эркин Абдулахатовдун айтымында, бул мөңгүгө алгачкы экспедиция 2023-жылдын жайында жүргүзүлгөн.

Анда изилдөөчүлөр мөңгүнүн четине үч метрлик казык орнотуп кетишкен. Бул жолку экспедицияда казык мөңгүдөн ажырап калганы байкалган. Буга мөңгүнүн бир жылдын ичинде 20 метрге артка кеткени себеп болгон.

«Пахтакор» мөңгүсү Өзбекстандын чыгыш бөлүгүндө, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасына жакын жерде жайгашкан.

Сүрөт: RFF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты