Ташиевдин уулу түнкү клубдагы окуяга аралашпаганы маалымдалды

  • 7 дней мурун

“Регион” телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Бишкектеги түнкү клубдагы ок атылды деген окуяга аралашпаганын, бул убакта ал кичи ажылыкта жүргөнүн Фейсбук баракчасы аркылуу маалымдады.

“23-сентябрда социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан түнкү клубда Тай-Мурас Ташиев катышкан окуя орун алганы жана анда ок атуучу курал колдонулганы тууралуу жалган маалымат таратылып жатат. Биринчиден, Тай-Мурас Ташиев ал күндөрү Кыргызстанда болгон эмес, ал Умра сапарында болгон. Муну тастыктоочу билет жана сүрөттөрүн коомчулукка көрсөтүп коюуну туура көрдүк» деп жазды Рахманов.

«Экинчиден, ИИМдин маалымат кызматынан тастыкталгандай, фейк маалыматта көрсөтүлгөн дата жана даректе андай окуя катталган эмес жана милиция кызматкерлери да чакырылган эмес. Демек, бул маалымат толугу менен фейк жана муну кызыкдар тараптар атайылап коомчулукка Ташиевдердин үй бүлөсүн каралоо, коомчулукта негатив пикирлерди пайда кылуу максатында таркатып жатат. Коомчулукту мындай калп маалыматтарга ишенбөөгө жана расмий гана маалыматтарга таянууга чакырабыз” деди.

Өткүрбек Рахманов Тай-Мурас Ташиевдин кичи ажылыкта жүргөн сүрөтүн жана авиа билетинин сүрөтүн да социалдык тармакка жарыялады.

Буга чейин социалдык тармактарда Тай-Мурас Ташиевдин түнкү клубда курал колдонулган окуяга окуяга катышкандыгы тууралуу маалымат тараган.   

Сүрөт: Рахмановдун ФБ баракчасынан. Тай-Мурас Ташиев солдон экинчи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты