Таш-Көмүр шаарында өрт кырсыгынан бир үй-бүлөдөн төртөө каза тапты

  • 1 месяц мурун

Таш-Көмүр шаарында өрт кырсыгынан бир үй-бүлөнөн төрт мүчөсү каза тапты, алардын үчөө – балдар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 11-августта Таш-Көмүр шаарындагы Панфилов көчөсүндөгү үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө куткаруучулар барган. Бирок өрттүн кесепетинин 63 жаштагы Н. М. жана 13 жашар А.Б., 10 жашар А.Э., 6 жашар А.А. каза тапкан. Булардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.

Алардын сөөгү шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилген. Өрт себеби азырынча белгисиз.

Сүрөт: ӨКМ. Өрт болгон үй.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты