Талкуу: Кастыкты козутуу тобокелдиктери

Акыйкатчы институту Медиа Полиси институту менен бирге 28-сентябрда кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин кастыкты (араздашууну) козутуу тобокелдиктери боюнча эксперттик талкуу өткөрдү.

Талкууга Жогорку Кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитет бөлүмүнүн кызматкерлери, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Соттук-эксперттик кызматынын, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү, юристтер, укук коргоочулар, эксперт-лингвисттер жана башка адистер катышты.

Акыркы күндөрү бийликти сындаган же болбосо өз ой-пикирин билдирген журналисттер, блоггерлер жана социалдык тармактардын колдонуучулары жоопкерчиликке тартылып, аталган берене боюнча козголгон кылмыш иштеринин саны көбөйдү.

Медиа Полиси институтунун юристи (МПИ) Нурбек Сыдыков кастыкты козуткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин өзгөртүү керектигин айтты. Юрист белгилегендей, буга чейин МПИнин ЖКнын профилдик комитеттери, башкы прокуратура, Акыйкатчынын аппараты менен кызматташуусунун аркасында бул беренени өзгөртүүгө мүмкүн болду. Эми 100 миңден 200 миң сомго чейинки айып салуу түрүндөгү жаза чарасы же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Бирок так аныктама жок: эмне үчүн айып салынып жатат, эмне үчүн эркиндигинен ажыратылат. Аталган беренеде айып салуу дагы, эркиндигинен ажыратуу дагы кылмыш жоопкерчилигинин категориясына киргизилген.

Ушуга байланыштуу катышуучулар кылмыш-жаза кодексинини 82-беренесинин 2-бөлүгүнө кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинде каралган кылмышты жасагандыгы үчүн пробациялык көзөмөлдү колдонуу аркылуу жазадан бошотуу мүмкүнчүлүгүн караган өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуу деген пикирлерге макул болушту.

Ошондой эле эксперттик талкуунун жүрүшүндө кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинде каралган аракеттери үчүн адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуудан мурда  эскертүү берүүнүн механизмдерин иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселе көтөрүлдү.

Эксперттик талкуулардын мүчөлөрүнөн кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинде каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселелери боюнча Жогорку соттун пленумунун токтомун кабыл алуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө демилге колдоого алынды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты