“Талибан” кыймылы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылды. Кыргызстан үчүн бул кооптуубу? 

Кыргызстан “Талибан” кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги тастыктады. 

Өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктайт. Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган. Кыргыз Республикасы Афганистанда жана бүтүндөй аймакта туруктуу жана тынчтык чөйрөнү камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин колдоого умтулат”, — деп жазылат билдирүүдө

Эске салсак, 2006-жылы 15-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук  сотунун чечими менен “Талибан” кыймылы террордук уюм катары табылып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

Кыргыз бийлигинин «Талибан» кыймылын Кыргызстандагы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечимин, Ооганстан Ислам Эмиратынын Тышкы иштер министрлиги кубаттады. Бул тууралуу Ооганстан Ислам Эмиратынын расмий сайтында кабарланган.

Кыргызстандын жасаган кадамы Ооганстан Ислам Эмиратын аймактык жана эл аралык деңгээлде саясий таануунун өсүп баратканын билдирет жана Ооганстан Ислам Эмираты менен башка мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоодогу тоскоолдуктарды жок кылат”,- деп жазылган билдирүүдө. 

“Талибан” кыймылы деген түшүнүк кайдан чыккан?

Талибан — радикалдуу исламчыл кыймыл. 1994-жылы Пакистанда пайда болгон. Алгач, 1979-1989-жылдардагы согуштун фонунда Ооганстандан чыгып, медреселерден билим алган качкындар тарабынан түзүлгөн. Кыймыл өзүнүн максатын — Ооганстанды 1992-2001-жылдары башкарган президент Бурхануддин Раббанини бийликтен кулатуу, ошондой эле мамлекеттин аймагына ислам мыйзамдарын киргизүү деп жарыялаган. 

Талибан менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы биринчи кагылышуу 1995-жылы башталып, алар Ооганстандын үчтөн бир бөлүгүн басып алышкан, 1996-жылы Кабулду согушсуз басып алышкан. Андан кийин, 2001-жылга чейин кыймыл бийликте болгон: талибдер Ооганстандын Ислам Эмиратын жарыялап, өлкөдө шарият мыйзамдарын киргизген.

1999-жылдан бери талибдерге каршы санкциялар киргизилип, 2003-жылы Москва жана Вашингтондо аны террордук уюм катары тааныган. 2021-жылы август айында талибдер бийликти өз колуна алып, Ооганстан Ислам Эмираты негизделгенин жарыялашкан. Бирок, дүйнөнүн бир дагы өлкөсү расмий тааныган эмес. 

“Талибан” кыймылы кайсы өлкөлөрдө тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылды? 

Өлкө башка мамлекеттердин өкмөттөрү менен дипломатиялык мамиле түзүүгө аракет кылып, 2022-жылдын жай айынын аягына чейин талиптер 16дан ашык өлкө менен расмий байланыш түзүшкөн. 

«Биз Америка Кошмо Штаттары менен жакшы мамиледебиз, 16дан ашык өлкө менен расмий мамиле түздүк«, — деп белгилеген Талибан тарабынан түзүлгөн убактылуу өкмөттүн Тышкы иштер министрлигинин ошол кездеги башчысы Амир Хан Моттаки. Бирок, ал кайсы мамлекеттер жөнүндө айтып жаткандыгына токтолгон эмес. 

2022-жылдын март айынын аягында Орусия Талибан өкмөтүнөн биринчи ооган дипломатын аккредитациялаган. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирген. Ал АКШ жана анын союздаштарынын каржылык-экономикалык санкцияларына жана аскердик-саясий кысымына карабастан, талиптер Ооганстанды сактап калууга жетишкенин кошумчалаган. 

Ошондой эле, Талибан террордук уюмуна Орусияда тыюу салуудан баш тартуу сунушталган. Мындай сунуш менен эки министрликтин — тышкы иштер жана юстициянын өкүлдөрү президент Владимир Путинге кайрылышкан. Талибан Орусияда 2003-жылдын мартынан бери Жогорку Соттун чечими менен “террорчу” деп таанылган. 

2023-жылдын аягында Казакстандын өкмөтү талибдерди өлкөдө тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алган. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев азыркы Ооганстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү чечими кабыл алынганын баса белгилеген. 

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кабул менен диалогду күчөтүү зарыл деп билдирип, региондун коопсуздугу жана экономикалык өнүгүүсү үчүн «ШКУ-Афганистан» байланыш тобунун ишин жандандыруу керек”, — деген пикирин билдирген. 

Бирок эл аралык коомчулуктун көбү, анын ичинде БУУга мүчө өлкөлөр дагы эле талибдер түзгөн ооган өкмөтүн легитимдүү деп тааный элек. БУУ талибдерди ырааттуу түрдө “адам укуктарын бузган уюм” деп эсептейт. 

Ал эми Америка Кошмо Штаттары Талибан кыймылын Ооганстандын расмий өкмөтү катары таанууга ниеттенбей тургандыгын билдирген. 

«Биз даяр эмеспиз жана талиптерди Ооганстандын расмий өкмөтү катары тааныбайбыз«, — деп билдирген Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби. 

Кыргызстан менен Ооганстандын мамилеси

Бишкекте ооган элчилиги 2002-жылы, ал эми Кабулда кыргыз элчилиги 2014-жылы ачылган. 2021-жылы Ооганстандагы бийликке “Талибан” келгенден кийин да дипломатиялык өкүлчүлүктө ишин токтоткон эмес. 

Өткөн жумада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Ооганстандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Амин жолугуп, эки тараптын мындан аркы эки тараптуу кызматташуусунун багытын талкуулашкан. 

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров Кыргызстан Ооганстан менен соода-экономикалык мамилелерди, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле Ооганстандагы кен байлыктарды биргелешип иштетүүгө энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармагында кызматташууга кызыкдар экендигин билдирген. 

КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, буга чейин “Азаттыкка” берген маегинде, аларга гуманитардык жардам берилгендигин, бирок, “Талибанды” дипломатиялык жол менен тааный электигибизди айткан. 

“Талибан” кыймылы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылды. Кыргызстан үчүн бул кооптуубу? “Талибандар  түздөн-түз коркунуч жаратат дегенден алысмын. Алардын өздөрүндө проблемалар көп. Мисалы, экономикасын алдыга жылдырып, коопсуздук маселесин карашы керек. Алар кандай кыйынчылыкта жашап жатканын көрүп, “Талибан” башкарган Ооганстанга көз салып жатабыз. Ошол эле учурда 40 миллионго жакын ооган эли бар. Алар дагы кандай кыйынчылыкта жашап жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан эки жыл гуманитардык жардам бердик. Бизде ашып-ташып жаткандыгынан эмес, мамлекет катары жардам беришибиз керек. Кошуна турган мамлекетте эл кыйналып, ачарчылыктан кырылуу коркунучу турганда, кантип жардам бербей турасың? Жардам бериш керек да. Бирок “Талибанды” дипломатиялык жол менен тааный элекпиз». 

Эксперттер: “Талибандар түздөн-түз коркунуч жаратат дегенден алыс болушубуз керек”

Кыргызстанда буга чейин Талибандардын жасап жаткан аракеттери тууралуу коомчулукта көп эле айтылып, массалык маалымат каражаттарында жазылып келген. Учурда бир катар эксперттер, “Талибан” кыймылын террористтик топтор тизмесинен чыгарууда Кыргызстан биринчи жана акыркы өлкө эмес экендигин, “Талибандар коркунуч жаратат” деп айтуудан алыс болушубуз керек экендигин айтышкан.

Саясат таануучу Эмил Жороев, Талиптерди ал тизмеден чыгаруу расмий түрдө аларды таануу дегенге барабар эместигин, алар менен иштешүү буга чейин деле болуп келгендигин белгилейт. 

“Талибан” кыймылы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылды. Кыргызстан үчүн бул кооптуубу? Талибан тобуна тыюу салынган, террористтик топтор тизмесинен чыгарууда Кыргызстан биринчи өлкө болгон жок жана акыркы да болбойт. Көп мамлекеттер ошол багытта баратышат. Анткени, үч жылдан бери Афган мамлекетин туруктуу башкарып келаткан топ менен жакса да, жакпаса дагы мамиле түзүү зарыл болууда. Ошол эле коопсуздук маселесинде да, алар менен сүйлөшүү, кызматташуу аракеттери болсо алгылыктуураак болмокчу. Аларды тааныбай коюу менен эч кайсы маселе оңуна жылган жок. Баса, талиптерди ал тизмеден чыгаруу расмий түрдө аларды таануу дегенге барабар эмес. Де факто, албетте, алар менен иштешүү ага чейин деле болуп келди”, — дейт Эмил Жороев

Ал эми дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиев алар менен буга чейин эле де-факто иштешип келгенибизди айтат. 

Биз алар менен де-факто кызматташып эле атабыз. Кичи Памир, Улуу Памир деген жерде биздин кыргыздар жашайт. Биз алар менен алака түзүп, иштешибиз керек”, — деген оюн айтат. 

Талибандар бийликке келгени Ооганстанда адам укугу, өзгөчө аялдардын коомдогу орду начарлап кеткендигин АКШ, Батыш өлкөлөрү буга чейин бир нече жолу жазып келишкен. Тилекке каршы, биз каалайбызбы, каалабайбызды талибандар менен эсептешип, иштешүү керек экендигин саясат талдоочу Руслан Акматбек дагы баса белгилейт. 

“Талибан” кыймылы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылды. Кыргызстан үчүн бул кооптуубу? Ооба, учурда Талибанды дүйнөдө тааныган өлкөлөр аз. Өзгөчө Батыш менен Америка Кошма Штаттары талибанды дагы деле “экстремисттик топ” деп таанып, алар келгенден бери Ооганстандагы адам укугу жаатындагы абал начарлап кеткенин айтып жатышат. Бирок, ошол эле учурда АКШ аларга жардам берип атат. “Талибан” кыймылы канчалык бизге жакпаса дагы, Ооганстандын учурдагы расмий өкмөтү. Тилекке каршы, Ооганстан биз үчүн кооптуу өлкө. Алар менен жашынбай иштешиш керек. Алар, кошумча “Игил”, “Аль-Каиданын” калдыктары менен дагы күрөшүп атат. Ошондуктан, талибан менен каалайсыңбы, каалабайсыңбы эсептеше турган учур. Орусия менен Казакстан иштешип жатканда, биз иштешпей кое албайбыз”.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты