“Талибан” БУУнун Катар мамлекетиндеги конференциясына катышат

  • 2 месяца мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева “Талибандын” Бириккен Улуттар Уюмунун Катардын баш калаасы Дохадагы конференциясына катышуу ниетин колдоду.

Бул тууралуу БУУнун сайтында айтылды. Маалыматка ылайык, Отунбева де-факто бийликтердин катышуусу алар менен эл аралык коомчулуктун ортосунда ишенимди түзүү процессин баштоо үчүн зарыл экендигин баса белгилеген.

“Бул позицияны ооган калкы да бөлүшөрүн баса белгилегим келет. Биз Дохада негизги кызыкдар тараптар сүйлөшүү үчүн бир үстөлгө чогулуп, ооган эли туш болгон белгисиздикти жоюу үчүн кийинки кадамдарды макулдашат деп үмүттөнөбүз” деди Роза Отунбаева.

Сүрөттө: БУУнун баш катчысынын Оооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева. БУУ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты