Таластын Нылды жана Сары-Булак айыл тургундары жол маселеси боюнча акцияга чыгышты

  • 2 месяца мурун

9-июлда Талас облустук акимчилигинин алдына Нылды жана Сары-Булак айылынын тургундары жол маселесин чечип берүүнү талап кылып акция өткөрүштү.

Нааразылык акцияга чыккандар Талас — Нылды — Арал — Покровка автожолун оңдоо улантылбай жатканын жана буга чейин басылган асфальттын сапаты начар экенин айтышты.

Чогулгандар менен облус башчынын биринчи орун басары Талантбек Эдилов жана транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Кубандык Керимбаев жолугуп, сөз болуп жаткан жолго бөлүнгөн акча казынада турганын жана реформа иштеринин айынан каражат бөлүү кечигип жатканын билдирди. Ошондой эле жол салуу иштери улантыла турганы айтылды.

Буга чейин Нылды айылынын тургундары жолдун оңдолушун талап кылып, бир нече жолу акция өткөрүшкөн. Былтыр бул жолдун үч чакырымына асфальт төшөлгөн.

Талас – Нылды жолун оңдоо маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Буга чейин Манас районуна караган Нылды жана Сары-Булак айылдары административдик реформанын негизинде Талас районуна кошулган. Аталган айылдар Талас шаарынан 18 чакырым аралыкта жайгашкан жана ал жакка туруктуу автотранспорт каттабайт.

Булак: «Азаттык»

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты