Таласта тергөө абагы жок болуп, кармалгандар айыпталуучулар менен бирге отурушат  

  • 4 часа мурун

Акыйкатчы Жамила Жаманбаева Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын шарттары менен таанышты.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.    

36 кишиге ылайыкташкан убактылуу кармоочу жайда акыйкатчы барган күнү 17 шектүү кармалып турган. Ал Ички иштер башкармалыгынын короосундагы өзүнчө имаратта жайгашкан.

Акыйкатчы бир нече камерага кирип, кармалгандар менен баарлашты. Талас облусунда тергөө абагы жок болгондуктан кармалгандар айыпталуучулар менен бирге олтурушат.

Акыйкатчы камакка алынгандарды кармоо шарттары боюнча эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык Министрлер кабинетин Талас облусунда тергөө абагын куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырат.

Сүрөт: ombudsman.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты