Таласта очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды   

  • 1 месяц мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн. 10-августта, саат 10:26да Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталганын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Жер титирөө Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият, Ынтымак айылдарында, Талас районунун Козучак айылында 3 балл сезилген.

Ал эми Огомбаев, Калба, Кум-Арык айылдарында, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жана Талас шаарында 2,5 баллга (Ынтымак айылынан 15 чакырым түштүктө, Талас шаарынан 25 чакырым түштүк батышта) жеткен.

Баштапкы маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты