Таласта менчикке өтүп кеткен 10 млн ашык сомду түзгөн жайыт жерлер мамлекетке кайтарылды  

  • 3 месяца мурун

Талас райондук прокуратурасы тарабынан Беш-Таш айыл аймагында жайгашкан 3,4 га жайыт жерлери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.

Бул тууралуу башкы прокуратура билдирди.  

Анын негизинде мамлекеттик каттоо органы тарабынан 34 жеке жакка жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар дайындалып берилгендиги ачыкталды.

Аталган мыйзам бузууларды четтетүү максатында райондук прокуратура тарабынан жергиликтүү сот органдарына 54 доо арыз келтирилген. Соттук тарабынан ал доо арыздар канаттандырылган.

Анын натыйжасында 10,2 млн сомду түзгөн жайыт жер толугу менен мамлекеттик баланска кайтарылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты