Таласта медресени мыйзамсыз иштетүү фактысы аныкталды

  • 2 месяца мурун

Талас районундагы А.Огомбаев айылында «Маданият борбору» кайрымдуулук мекемесинин филиалына жамынган, «медресе» диний окуу жайынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.    

Маалыматта айтылгандай, жогоруда аталган медресе тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоодон өтпөстөн, диний окуу жайларга карата белгиленген нормаларды жана талаптарды бузуу менен иштеп келген. Аталган медреседе “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын бузуу менен 12 жаштан 15 жашка чейинки балдар билим алышкан.

Ошондой эле КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалымат базасында «Маданият борбору» мекемеси диний окууларды жүргүзүү укугуна ээ болгон тизмеге кирген эмес.

Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында аталган мекеменин ишмердүүлүгү токтотулду.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты