Таласта көзү начар көргөн аял жардам сурап, Акыйкатчыга кайрылды  

  • 2 часа мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Талас облусунун тургундары менен жолугушту. Жолугушуу Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин имаратында, 200дөй адамдын катышуусунда өттү. Ага облустук мамлекеттик органдардын жетекчилери дагы катышты. Таластын жашоочулары алардын билим алуу, медицина жана башка жааттагы укуктары бузулуп жатканына арызданышты.

Жыйында майыптыгы бар аял көзүнө жаш алып, акыйкатчыдан анын укуктарын коргоп берүүнү өтүндү.

«Бишкектеги медициналык мекемелер дартымды так аныктап бере алышкан жок. Андыктан Казакстандын дарыгерлерине кайрылууга аргасыз болдум. Ал жерде мага “көздүн тор кабыгынын катмарланып бөлүнүшү” деп диагноз коюшту. Көзүмө өтө кымбат операция жасаш керек болуп жатат. Ансыз мен биротоло көрбөй каламын. Мамлекеттен жардамга муктажмын. Эч кандай социалдык көмөк албайм, жада калса даректүү социалдык жардамды бербей коюшту. Жанымда жалгыз эле апам бар. Ал дагы эки жолу инсульт алган, мага эч кандай колдоо көрсөтө албайт. Учурда эч жерде иштебейм. Балким жардам суроого акым жоктур, бирок өтө муктаж болуп турам” деп аял аргасы түгөнгөнүн кошумчалады.

Президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары, жардам алуу үчүн майыптыгы бар аялга тийиштүү процедуралардан өтүүнү сунуштады.

«Сиз керектүү кагаздарды топтошуңуз керек” деди ал.

Аял көз жашын төгүп, ал начар көргөндүктөн араң басып жүргөнүн, мамлекеттик мекемелерди кыдырып, документтерди топтоого мүмкүнчүлүгү жоктугун белгиледи.

«Мен жаза дагы, окуй дагы албайм. Мамлекеттик органдарга мени жетелеп жүрө турган адамым дагы жок” деди ал.

Акыйкатчы мамлекеттик мекемелерге аялдын укугун камсыз кылуу талабын койду.

Сүрөт: ombudsman.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты