Таласта 100 миң доллар пара берип жаткан ишкерлер кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкеринее өзгөчө ири өлчөмдө пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда тоо-кен тармагындагы ишканалардын ээлери М.В.И. жана Э.Д.Н. кармалды.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай,  мыйзам талаптарын бузуу менен кендерди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Буга чейин аталган факты боюнча УКМК тарабынан жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон.

23-августта  «П.А.Т.» ЖЧКсынын ээлери М.В.И. жана Е.Д.Н. аталган кылмыш ишин токтотуу үчүн 50 миң  АКШ доллары суммасындагы паранын бир бөлүгүн УКМК кызматкерине өткөрүп берүү учурунда кармалды.

Кармалгандар Талас шаардык сотунун чечими менен эки айлык мөөнөткө Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы      

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты