Талас шаарынын мэри президенттин облустагы өкүлү болду

  • 2 месяца мурун

Эрмат Жумаевди президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Маалымат мамлекет башчынын сайтында жарыяланды.    

Ошондой эле Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык Эрмат Жумаев Талас шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Ал Талас шаарынын мэри болуп 2023-жылы дайындалган.

Талас шаарынан мэрлик кызматына чейин ал Каракол шаарынын мэри болуп иштеген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты