Түштүк Кореяда Телеграмга карата тергөө башталды

  • 2 недели мурун

Түштүк Кореянын полициясы Telegram корпорациясына каршы алдын ала тергөө иштерин баштады.

Компания порнографиялык дипфейктерди жайылтууга көмөктөшкөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу «Рёнхап»  агенттиги билдирди.

Улуттук иликтөө бюросунун башчысы У Чон Су мындай иликтөө өлкөдө биринчи жолу жүргүзүлүп жатканын жана француз бийлигинин акыркы аракеттерине окшош экенин айтты.

Август айынын соңку төрт күнүндө эле дипфейктерге байланыштуу 88 арыз түшүп, 24 шектүү адам аныкталган. Полиция ошондой эле автоматтык түрдө дипфейктерди түзүүчү сегиз Telegram ботунун, ошондой эле мындай материалдарды тараткан топтордун ишмердүүлүгүн иликтеп жатат.

Telegram аккаунттар жөнүндө маалыматтарды бербегендиктен тергөө кыйын экени белгиленет. Кореянын тергөөчүлөрү Франциянын тергөө органдары жана түрдүү эл аралык уюмдар менен кызматташат.

Павел Дуров 24-август күнү кечинде Франциянын Ле-Бурже аэропортунда кармалган. Ал суракка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Парижде сот аны Франциядан чыкпоо тил каты менен 28-августтун кечинде камактан бошоткон.

Дуровго Телеграмда мыйзамсыз жана экстремисттик контенттин жайылуусун ооздуктай албаганына байланыштуу айып тагылып, сот көзөмөлүнө алынган.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты