Түштүк Корея түндүк кореялык аскерлер Орусияга жөнөтүлгөнүн айтты

  • 4 дня мурун

Түштүк Кореянын чалгын агенттиги Түндүк Корея Орусиянын Ыраакы Чыгышына 1500 атайын күчтөрдөгү (спецназ) аскерлерин жергиликтүү аскердик базаларда машыгуу жана климатка көндүрүү үчүн жөнөткөнүн жана алар Украинадагы согушка катышышы мүмкүн экендигин билдирди. Бул тууралуу Reuters аталган кызматка шилтеме жасап, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Түштүк Кореянын Президенттик администрациясынын ушул жума күнү билдирүү таратып, «Түштүк Корея Орусияга Түндүк Кореянын аскерлеринин жиберилүүсү эл аралык коомчулуктун коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет деп эсептээрин жана Сеул буга бардык мүмкүн болгон чаралар менен жооп берерин» айткан.

«Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл чалгындоо, аскерий жана улуттук коопсуздук кызматтарынын жетекчилери менен коопсуздук маселелери боюнча кезексиз жыйын өткөрүп, анда Түндүк Кореянын аскерлеринин Орусиянын Украинага каршы согушуна катышуусу тууралуу талкуулашты»,- деп айтылат Reuters берген маалыматта.

Ошондой эле Түштүк Кореянын Президенттик администрациясы: «(ред. Жыйындын) катышуучулары аскердик жүктөрдү ташуудан эми аскерлерди жөнөтүүгө өткөн Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы тыгыз байланыш биздин өлкөнүн гана эмес, эл аралык коомчулуктун коопсуздугуна да олуттуу коркунуч туудурат деген пикирде болушту»,- деп билдирүү тараткан.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты