Түштүк Корея Москва менен Пхеньяндын келишиминен кийин Украинага курал-жарак бере башташы мүмкүн

  • 3 месяца мурун

Орусия менен Түндүк Корея коргонуу тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол койгондон кийин, Түштүк Корея Украинага курал-жарак берүү маселесин кайра карап чыгат.

Бул тууралуу өлкөнүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Чан Хо Чжин билдиргенин «Рёнхап» агенттиги кабарлады.

«Өкмөт буга олуттуу тынчсыздануусун билдирип, макулдашууга кол коюлушун айыптайт. Түндүк Кореяны аскердик жактан күчтөндүрүүгө түз же кыйыр түрүндө көмөктөшө турган кандай гана кызматташтык болбосун, ал БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын бузуу болуп эсептелет» деди Чан.

Дүйнөдөгү эң ири курал-жарак жеткирүүчүлөрдүн бири болуп эсептелген Түштүк Корея буга чейин Украинага аскердик техника бербей келген. Бир катар дүйнөлүк ЖМКлар Вашингтон кийин Украинага жөнөтүүсү үчүн түштүк кореялык снаряддар алгач АКШга жеткирилип турган болушу мүмкүн экенин кабарлашкан.

Түштүк Корея президентинин кеңсесинин өкүлү «Рёнхап» агенттигине азырынча Сеул Украинага курал-жарак берүү маселеси боюнча ачык комментарий бербей турганын айтты.

«Конкреттүү чаралар жөнүндө кийинчерээк маалымат берилет. Биз пландарыбызды алдын ала жарыялагыбыз келбейт, бизге Орусиянын реакциясы кызык» деди ал.

Кызматташуу тууралуу макулдашууга Орусиянын лидери Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кол койгон. Андагы пункттардын биринде тыштан куралдуу кол салуу болсо, тараптар бири-бирине «аскердик жана башка» жардам көрсөтүүгө кепилдик бере турганы жөнүндө жазылган.

1948-жылга чейин бир өлкө болуп келген Түштүк жана Түндүк Корея 1950-жылдан бери расмий турдө согуш абалында. Жүз миңдеген адамдын өмүрүн алган активдүү согуштук аракеттерден кийин 1953-жылы тараптар жарашуу жөнүндө келишимге кол коюп, бирок тынчтык келишимине жете албай келишет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты