Түркиянын Анкара шаарында теракт болуп, 5 адам каза болду

  • 15 часов мурун

Анкарадагы түркиялык TUSAŞ авиакосмостук компаниясынын өндүрүштүк ишканасында теракт болду. Бул тууралуу «Анадолу» маалымат агенттиги Түркиянын ички иштер министри Али Йерликаяга шилтеме жасап, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, теракта каза болгондордун саны 5ке жеткен жана 22 адам жарадар болгон. Жарадар болгондордун көбүнүн абалы канааттандырарлык, ал эми экөөсүнүн абалы оор экендиги айтылды.

Ошондой эле Йерликая кол салган үч террорчунун экөөсүнүн жок кылынганын айтып, алардын бирөө аял экендигин билдирген.

«Өлкөнүн юстиция министри Мехмет Фатих Кажир Анкара Башкы прокуратурасы террордук кол салуу боюнча тергөө иштерин баштаганын билдирди»,- деп айтылат маалыматта.

Ал эми Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз теракты сындап, «Чыккынчылык менен жасалган террордук чабуул Түркиянын коргонуу өнөр жайынын жетишкендиктерине каршы багытталган»,- деп билдирген.

Сүрөт: «Анадолу» агенттиги

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты