Түркияга кирген чет элдиктерден манжа изи алынат

  • 1 месяц мурун

Түркияга кирген адамдардын манжа издери алынат. Бул тууралуу Sabah гезити өлкөнүн ички иштер министри Али Йерликаяга  шилтеме берүү менен жазып чыкты. Ал жаңы система качан киргизилерин так айткан эмес.

“Ички иштер министри Йерликая келечек үчүн маанилүү долбоор жарыялап, Түркияга кирерде АКШ жана Улуу Британиядагыдай манжа издери алынарын айтты” деп кабарлады басылмада.

Йерликая ошондой эле убактылуу коргоо статусун алгандардын ID карталарына чиптер коюла турганын белгиледи. Анын айтымында, учурда Түркияда 4 миллион 437 миң мигрант катталган. Алардын 3,103 миллиону Сириянын жарандары болуп эсептелет.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты