Түркия Сирияда жана Иракта жайгашкан «Курдистан жумушчу партиясы» уюмунун буталарына сокку урду

  • 8 часов мурун

Түркиянын атайын күчтөрү Сириянын жана Ирактын түндүгүндөгү «Курдистан жумушчу партиясы» уюму жайгашкан аймактарга абадан сокку урду. Бул тууралуу «Анадолу» маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Түркия жүргүзгөн атайын операциянын жыйынтыгында «Анадолу» агенттиги террордук уюм деп атаган «Курдистан жумушчу партиясы» уюмунун энергетикалык объектилери, логистикалык борборлору жана ок-дары кампалары талкаланган.

«Коопсуздук кызматтарындагы булактардын айтымында, бул иш-аракеттер Анкарадагы Түркиянын коргонуу өнөр жайында (TUSAŞ) жасалган террордук чабуулга жооп болду. Түрк чалгындоо кызматтары РКК/YPG (ред. «Курдистан жумушчу партиясы» уюму) уюмдарынан келе турган коркунуч толугу менен жок кылынмайынча операцияларын уланта турарын белгиледи»,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ 23-октябрда Анкарадагы түркиялык TUSAŞ авиакосмостук компаниясынын өндүрүштүк ишканасында теракт болгон. Теракта 5 адам каза болуп, 22 адам жарадар болгон. алардын экөө оор абалда экендиги айтылууда. Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая кол салган үч террорчунун экөөсүнүн жок кылынганын айтып, алардын бирөө аял экендигин билдирген.

Теракттан кийин Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая «Курдистан жумушчу партиясы» уюмун кол салууга тиешеси бар экендигин айткан.

Сүрөт: «Анадолу» маалымат агенттиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты